ЯДРОЛУК ТҮЙҮН ЧЕЧИЛБЕГЕН БОЙДОН КАЛДЫ

Жаныл Жусубжан Ядролук куралдын таркашы дүйнө коомчулугун катуу түйшөлткөн көйгөй бойдон кала берүүдө. 2006-жылдагы окуялар аны жеңилдете алган жок. Ядролук кризистин өзөгүн "Иран курал жасагысы келет" деген божомолдор жана Түндүк Кореянын ядролук программасы түзөт, ал эми жыл этегинде Израил ядролук куралы бар экендигин биринчи жолу ачык моюнга алды.
Маргарет Бекет – Британиянын тышкы иштер министри. Ал Ирандын ярдолук кризиси чечүүчү көз ирмемге жеткен июндун башында өлкөнү жакшылык менен уран байытууну токтотууга чакырган эле. 1-июнга карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Тегеранды уран байытуудан баш тарттыруунун жаңы программасын иштеп чыккан эле. Иран ага "олуттуу сүйлөшүү" баштоо сунушу менен жооп берди. Бирок ошол эле убакта өлкө эл аралык келишимдерде каралган укуктарынан, анын ичинде уранды байытуудан баш тартууга даяр эмес экендиги айгине болду.

Октябрда Тегеран уран байытуучу центрифугаларынын экинчи муунун ишке киргизди, ал эми декабрдын башында президент Ахмединежад Тегерандын ядролук пландарына бут тосуу "душманчыл аракетке" тете болот деп жарыялады:

Аталган өлкөлөр Иранды дипломатиялык жол менен ыкка келтирүү аракетин улантабы же жазалоочу санкцияларды колдонобу, жыл этегине карата бул дилемманын башы ачылбаган бойдон калды.

2006-жылы Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан кризис да курчуду. Октябрь айында Түндүк Кореянын Бириккен Улуттардагы элчиси Пак Гил Йон анын өлкөсү ядролук куралды алгачкы жолу ийгиликтүү сынактан өткөргөнүн жар салды.

Пхенян менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан беш өлкө - Кошмо Штаттары, Орусия, Кытай, Жапония жана Түштүк Корея бул сынакты айыптап чыгышты. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кабыл алды. Бирок бул санкциялар канчалык деңгээлде ишке ашаарын айтуу кыйын. Анткени, Кытай менен Орусия Түндүк Корея ядролук куралдан баш тартышы керек деп эсептеген менен, кризис тынчтык жол менен чечилбесе, аймактагы бейкуттукка залал келет деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Эл аралык коомчулук Иран менен Түндүк Кореяга байланышкан ядролук жаңжалдарды жөнгө сала албаганы башка өлкөлөргө ядролук программа баштоого демөөр болушу ажеп эмес. Былтыр ядролук куралдын таркашын токтуу жаатындагы ишмердиги үчүн Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган БУУнун ядролук агенттигинин жетекчиси Мухаммад ел-Барадеи эскерткендей, айрым өлкөлөр "коопсуздугубузду ядролук курал менен гана камсыздай алабыз" деген сайын башка өлкөлөр да мындай куралга ээ болгусу келе берет.

Ошондуктан Ел-Барадеи ядролук бомбасы бар өлкөлөрдү алардан баш тартууга чакырды, болбосо келечекте ядролук куралы бар өлкөлөрдүн саны 20-30ка чыгышы ажеп эмес, деп эскертти ал.