МУФТИЙ МУРАТААЛЫ АЖЫ: ИСЛАМГА ЭЧ КАНДАЙ РЕФОРМАНЫН ЗАРЫЛДЫГЫ ЖОК

Улан Алымкул уулу, Прага Учурда Кыргызстандык мусулмандарда быйыл жыл соңуна туш болгон ажылык зыяратка жөнөп жаткан учур. Бирок бул маанилүү өнөктүн учурунда дин ишмерлеринин бир тобу өз талапкерлери менен кошо муфтий Муратаалы ажы Жумановдун кызматтан кетишин кайрадан талап кылышууда. Кечээ алар нааразылык акциясына чыгышты. Бул талаптын ээлери муфтият реформаланышы керек, Муратаалы ажы Жуманов азыркы ээлеп турган кызматына татыксыз деп эсептешет. Муфтий менен кабарчыбыз Улан Алымкул уулу маектешкен.
-Сиздин кызматтан кетишиңизди талап кылган чакырыктардын кайра чыгып жатышынын ажылык зыярат менен байланышы барбы?

-Албетте, ажылыкка тиешеси бар. Себеби алар ажылык учурда кандайдыр бир чатакты чыгарсак Муратаалы ажынын жумуштан кетишине же жаманатты болуп көрүнүшүнө жакшы түрткү болот деген ойдо. Ажылык учурунда ушундай акцияга чыгып жатышынын бир себеби ушул. Ал эми менин оюмча алардын жасап жаткан иши эч кандай шариятка, мыйзамга туура келбейт. Исламда мындай жол менен муфтийге каршы чыгуу же болбосо жумуштан бошотуу бул туура эмес.

Муфтийди шайлоо же болбосо жумушка коюуу, кызматтан алуунун жол жоболору биздин уставда даана көрсөтүлгөн. Мен ачыгын айтып келе жатам. Алардын эңсегени, муфтийлик кызматта отуруу максаты болуп жатат. Экинчи жагы муфтийди жаманатты кылып көрсөтүү. Үчүнчүсү, кечээ эле биз менен бирге иштеп жүргөн адамдар бүгүн кээ бир себептер менен иштеп бошотулгандан кийин ушундай акция менен чыгып жатышат. Мен дайыма айтып келгем. Айтып жаткан сөздөрдү далил менен факты менен айтсын. Моюнубузга коюп берсин. Сын пикирлердин туурасы болсо, мен кабыл алууга даярмын. Ал эми бүгүнкү болуп жаткан маселе жеди, ичти деген сөз бул куру сөз. Эч кандай далили жок. Ошондуктан мен алардын кылып жаткан акцияларын туура эмес деп эсептеймин. Бул жол менен кызмат ордумду бошотуп берейин деген оюм жок.

- Алар муфтият реформага муктаж деп эсептешет экен. Кандай реформа болуш керек. Балким чын эле кандайдыр бир өзгөрүүлөр керектир?

-Ошону мен да тушүнбөй жатам. Кандай реформа болуш керек. Биринчиден, исламга, динге эч кандай реформанын зарылдыгы жок. Ал эми муфтияттагы реформа боюнча алар гезит, телекөрсөтүүдөн эмес бизге келишсин, айтсын. Кайсы жерлери туура эмес болуп жатканын. Булар айтса боло берет экен, кылса боло берет экен деп мамлекеттик деңгээлдеги пикет, митинг уюштургандарды туурагандай, кайталагандай сезилип жатат. Бизди андай даражага салыштырууга болбойт. Себеби бизде каражат, айлык, бюджет маселеси жок. Киреше жок. Кайсыл маселени реформа кылыш керек. Реформа үчүн албетте чоң нерсе керек. Бул жерде уставды өзгөртүш керек.