НТС ТЕЛЕКАНАЛЫ ЖАҢЫ ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАБЫЛАБЫ?

Көз карандысыз НТС телеканалынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаеванын үйүн карактоого болгон аракетти айрым саясатчылар атайын кызматтар тарабынан жасалган иш деп баалап, ага саясий мүнөздөмө беришүүдө. Ал эми тартип коргоо органдары бул кадимки эле талап-тоноого жасалган аракет деп айтып жатышат.
Жаңы бийликтин келиши менен сөз эркиндигине кысым көбөйүп, эркин басма сөз каражаттарына аңчылык улантылып жатат деген ойлор акыркы убактарда арбын айтыла баштады. Буга - “Агым” гезитин “Түндүкэлектро” ишканасы тарабынан соттук доого жыгытуу аракети, НТС телеканалынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаеванын бир нече жолу УККна суракка чакырылышы жана өткөн жумада анын үйүн карактоого жасалган аракет негизги мисал болуп келтирилүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов НТС телеканалына жана анын жетекчилигине ноябрь айынын башында болгон нааразылык митингин үзгүлтүксүз көрсөткөндүгү үчүн бийлик тарабынан куугунтук болуп жатат деген ойдо:

-Бул чыр Жээнбаева жана кассеталар менен эле бүтүп калбайт. Мендеги маалыматтар боюнча жаңы жылдан тарта көрсөтүүсүн толук токтотууга аракеттер башталат. Чоң саясий аренада Орусия менен чечилип, ОРТ менен келишими үзүлөт. Анан булардын лицензиясын алышат да, жалаң гана Курманбек Бакиевдин көзүн караган гана маалымат айдыңы калат.

Мелис Эшимканов “Агым” гезитин доого жыгып, жаап салуу да азыркы бийликтин максаты болууда дейт:

-Жаңы жылга чейин ошол энергетиктердин доосу менен “Агым” гезитин да жабууга Ленин райондук сотуна буйрук берилиптир.

Мелис Эшимкановдун оюна кайчы пикирин айткан журналисттер да жок эмес. Алар сөз эркиндиги март ыңкылабынан кийин тескерисинче жакшырганын белгилешет. “Эркинтоо” мамлекеттик гезитинин башкы редактору Сакы Садыковдун ою:

-Мен мурдагы бийликтин тушунда эркин гезиттерде иштегем. Биз “Криминал” деген гезиттин бир эле санын чыгарып, эртеси күнү гезит жабылган. “Асаба” гезити жабылган, сот жообуна тартылып. “Республика” басылмасынын редактору Замира Сыдыкова кандай куугунтук көрүп, түрмөгө чейин отургузулду. Мына жаңы бийликтин келгенине эки жылга чукулдап калды, ушул убакка чейин бир да маалымат каражаты же журналист куугунтукталганы жок,-дейт “Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Сакы Садыков.

Ал эми НТС телеканалынын жетекчисинин үйүн карактоо аракетин атайын кызматтар уюштурган деген пикирге кошулаарын билдирген депутат Каныбек Иманалиев баары бир бул кылмышты жасагандар табылбайт, тергөө аягына чыкпайт дейт.

Бирок, милиция бул пикирлердин баарын жокко чыгарууда. ИИМ маалымат кызматынын кызматкери Умарбековдун айтымында бул кадимки эле уурулук кылмыш болгон:-Бул деген кадимки эле уурулук. Кылмыш иши болуп атат. Муну дагы саясатка айландыруунун эмне кереги бар?