Эл аралык Transparency International уюму жакында жарыялаган иликтөө тыянагына караганда, дүйнөдөгү миллиондогон адамдар мамлекеттик кызматкерлердин паракордугунан жабыр тартышат. Өкмөттөр болсо коррупцияга каршы жетиштүү күрөш жүргүзүүгө кудурети жетпей жатат. Алардын катарында Кыргызстан да бар.
Эгемендиктин алгачкы он беш жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөшүү максатын көздөгөн бийик деңгээлдеги бир нече структуралар түзүлгөн. Анткен менен, байкоочулар бул жылдары тескерисинче, коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өскөнүн айтып, Аскар Акаев баштаган бийликтин күч менен кулатылышынын негизги себебин да ушуга байлап жүрүшөт.
24-марттан кийин келген жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөштү башкача өңүттө жүргүзүү дымагы менен ушул жылдын башында коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук кеңеш жана мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Бирок, коррупциянын деңгээли мурдагы калыбындагы бойдон кала берүүдө. Бул төгүндөлбөй турган чындык дейт агенттиктин өкүлдөрүнүн бири Султангазы Касымов. Анын баамында, азыр коррупциянын мурдагыдан дегеле кылы кыйшая элек:
- Мурдагынын эле күүсү менен кетип баратат. Токтолуп калса, бир жөн болот эле. Токтобой атпайбы. Алар баягы имараттарды, турак жайларды, союзга баш ийген илимий институттарды талап-тоноп алышкан. Эми анын калгандарын мүлжүп атышат.
Агенттиктин комиссары Курманбек Жороевдин көз карашында коррупцияга каршы күрөштүн коомдо кайтарымсыз болуп жатышынын башкы себеби мамлекеттик мекемелер бул өңүттө кошкөңүл, жан тартуучулук саясат жүргүзүп жатышат. Агенттиктин иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда коррупция дээрлик тартип коргоо, бажы, паспорт тармактарында олуттуу орун алууда. Алардын аркасынан сая түшүп, сотко чейин жеткирген учурлар өтө сейрек учурайт.
Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиев, тескерисинче, коррупция тартип коргоо тармагында эмес, азыр өңчөй мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө өөрчүп кеткенин айтат:
- Коррупция десе эле МАИ менен паспорттук системага такалып калып атат. Негизи биз бүгүн бир миллиардга чейинки каражат кайда деп эл оозунда, эксперттик бааларда айтылып келатат. Анын баарын милициялар жей албайт да. Негизи параны биринчи ким алат? Бул жооптуу кызматкерлер. Алардын бардыгы – бюрократтар.
Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук кеңештин төрагасы Рашид Тагаев паракорчулуктан коомду арылтууга кадам жасалбай жатышынын бир себебин тиешелүү мекемелердин өз милдеттерин так аткарбай жатышынан көрөт. Мындай пикирин Кеңештин жакында өткөн жыйынында мамлекеттик агенттиктин дарегине жолдоду:
- Канткен менен машина токтоочу, май куюучу жайларды текшерүү өңдүү майда иштерге түшүп кетпей, алдын алуучу чараларды көрүү керек. Менимче, ал силердин милдетке кирбейт.
Агенттиктин өкүлдөрү мындай көз карашка өздөрүнүн каяшасын айтып жүрүшөт. Алардын баамында, агенттик тыкыр текшерип, аки-чүкүсүн иликтеп чыкмайынча, алдын алуу аракеттерин жүргүзө албайт.
Жарандык коом лидерлери мындай көрүнүштөрдү коррупцияга каршы күрөштө элдин аң-сезимин ойгото турган бирдиктүү саясаттын жоктугу менен байланыштырып жатышат. Маселен, «Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын көз карашында, паракорчулукка каршы күрөшүү максаты менен түзүлгөн бардык структуралар эскиче иштеп, коомчулук менен ачык-айрым кызматташуунун механизмин таба албай жатышат. Натыйжада азыр балдар бакчасынан тартып, мамлекеттик мекемелерге чейин паракордук өөн учурабай турган, элдин аң-сезимине бекем сиңген кадырэсе көрүнүшкө айланды дейт.