ЖАЛАЛАБАТ: ПАСПОРТ КОРРУПЦИЯСЫ КАЧАН ТЫЙЫЛАТ?

  • Ырысбай Абдыраимов
11-декабрда Жалалабат облбийлигинин маалымат кызматы паспорт кризисине байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандай, буга чейин берилген 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун коргоочу белгилери жок болгон. Ал кемчиликтери жоюлган жарандык документтерди берүү өкмөттүн ноябрь айындагы атайын токтому менен токтотулган. Коомчулуктун пикиринде, паспорт маселесинде коррупция бар жана адам укугу эске алынуу үчүн паспорт баалары бирдей болуусу керек. Паспорт - виза адистери тармактагы коррупцияны четке кагышты.
2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду берүү ал паспорттордун коргоочу белгилери жоктугунан өкмөттүн токтому менен тыйылган. Арыз берген 84361 кишиден 67549 адам ошол паспортко ээ болгон. Паспортту тез алуу маселеси чоң акчага турат.

Шаар тургуну Мээрим Айтманбетова сентябрь айынан бери чет өлкөгө жарактуу паспортту алалбай келатат. Улуу Британияга кетмек болгон Мээримдин айтымында паспортту тез алуунун түйшүгү көп, мындайда адам укугу тебеленүүдө дейт:

- Көбү паспорттун айынан Орусия кетпей калышты. Алардын бала-чакасы бар. Курсагы ачып ыйлап-сыктап жүргөндөр да бар. Паспорт алуу каражаты мамлекеттик агенттиктен арзан болсо жакшы болот эле. Каражат маселесин карап берсе,- дейт Мээрим Айтманбетова.

Паспорттун убактылуу токтотулушу менен чет өлкөдө иштеп, үй-бүлөсүн багууну каалаган миңдеген адамдардын үмүтү соолуду. ”Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Кубат Артыковдун болжолунда президенттин маселени тез чечүү тапшырмасын койгон сөзү суу кечпей калды.

-Президентибиз айткан сентябрь айына чейин паспорт маселесин чечип, тез аранын ичинде беришибиз керек. Биздин жаштарыбыз чет өлкөдө иштейби же башка жактарда иштейби айтор кыргыз элине келип бюджетине акча түшүрүш деген ойду айткан. Бирок, ал тескерисинче болуп жатат. Жаштардын чет өлкөгө кетип жатышы кыргыз мамлекетинин жоюлуусуна алып барышы мүмкүн. Ошондуктан ошого тоскоолдук кылып жатат. Мен ошого тоскоол кылбастан тескерисинче жаштарга тезирээк паспортун берсе, чет өлкөдөн бизге акчалар түшүп турса жакшы болмок,- деген оюн билдирет Кубат Артыков.

Жалалабаттык Бегимай паспортун алмаштырууга документтерин тапшырган. Бирок, аны үч айдан бери алалбай атканын Бегимай коррупция менен байланыштырат:

-Бул жерде коррупция болуп жатат. Бийлик коррупция менен күрөшүп жатабыз дейт. Бирок, ал токтолгон жок деп ойлойм,- дейт Бегимай.

Ички иштер башкармасынын паспорт-виза бөлүмү үчүн жер-жерлерде кадрлар жетишсиз. Бөлүм башчы Махабат Пратованын айтымында айыл-кыштак калкы паспортко талап кылынган социалдык күбөлүк менен сүрөт даярдоодо кыйын шарттар түзүлгөн:

-Көбүнчө алыскы аймактарда паспортту алууда бир айга чейин жетип жаткан. Бүгүнкү талап боюнча паспорт алыш үчүн ар бир жарандын социалдык жактан күбөлөнгөн документи болуш керек. Экинчи маселе бул түшкөн сүрөттөрү сапатсыз болуп кайрылып келип жатат. Катталган болсо анда өзүнүн прокуратура деген орган бар. Бизди караштыра турган. Биздин облус боюнча расмий түрдө паракордук менен кармалды деген фактылар жок,- дейт паспорт-виза бөлүмүн башчысы Махабат Пратова.

Облбийликтин укук коргоо уюмдары боюнча бөлүм башчы Кадыр Бечеловдун билдиришинче, чет өлкөдө коргоочу белгилери жок паспорт менен жүргн жарандар кыйналууда:

-Казакстанга, Түркияга жана Европа мамлекеттерине чыкканда өтө кыйынчылыктарга учурап жатабыз. Себеби паспортту коргоочу белгилердин туура эмес жасалып калышынан болуп жатат. Анткени документтерди тез аранын ичинде даярдаш керек. Аны жеткириш үчүн кошумча байланыш түйүнү иштейт. Ал жерге баргандан кийин кошумча жумушчу күч иштейт. Элдердин жасап жаткан паспортун чыгарып коюп булардыкын жасабайт. Муну өндүрүштөн сырткары атайын иштей турган өзүнчө кызматкерлер жасайт,- деди Кадыр Бечелов.