Иранда Холокост боюнча эки күндүк конференция ачылды

Иран өкмөтүнүн айтымында, алар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер жөөттөрдү өлтүрүүдө чындыгында эле газ камераларын колдонуп- колдонбогонун жана Холокосттун масштабын аныктагысы келет. Конференциянын өтүшүн АКШ,Германия жана Израил сынга алды. Ирандын тышкы иштер министри Моттаки Батыш бул маселени талкуулоого тыюу салганына карбастан, делегаттарды эркин талкууга чакырды.