Молдова жарандары чет өлкөлөргө иштөөгө кеткендиктен балдар ата-энесиз калууда

Адам укуктарын коргоочулардын айтымында, Молдованын төрт жарым миллион калкынын 300 миңге жакыны азыр чет өлкөлөргө барып иштөөгө аргасыз, натыйжада жаш балдардын ар бир онунун бири ата-энесиз өсөт, ал эми ар бир төрт баланын биринин же атасы, же энеси үйдө жок. ЮНИСЕФ фондунун жардамы менен өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары кеээ күнү жарыяланды.