"Би-би-си" үналгысынын жетекчилиги кечээ күнү билдиргенге караганда, алардын Маскөөдөгү орусча берүүлөрү эмне үчүн FМ толкунунан алып салынганы тууралуу эмгиче расми түрдө айтыла элек. Уктуруулар 24-ноябрда техникалык себептен деп токтотулган. Анткен менен анын артында саясий себептер жатат дегенге да жетиштүү далил жок. Айрым байкоочулардын пикиринде, эки тарап ортосундагы мамиле - Лондон шаарында Алексанлр Литвиненко ууланып өлгөндөн кийин бузулду.