РОССИЯ КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ЖАШЫРЧУ ӨЛКӨБҮ?

Баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
«Айкын» гезитинин куш тилиндей суроосуна берген жообунда Кыргызстандын башпрокурору К.Коңгантиев мырза, мурдагы президент А.Акаевдин мүлкү боюнча иш тергелип бүткөнүн, сурак берелек Акаевдин өзү эле калганын, суракка алалы десе Орусия бербей жатканын, өзүлөрү Орусияга барып тергеп келгенге укуктары жок экенин айтат.

Бирок башпрокурор мырза, А.Акаев орус жараны болбогон соң аны бербей койууга же жамандыр-жакшыдыр мамлекет атын алып жүргөн ошол мамлекетке кылмыш жасаган киши катары күнөөлөнүп жаткан Кыргызстандын жаранын суракка алууга Орусиянын бут тосконго кандай акысы бар дегенге эмнегедир жооп бербептир. Буга эми Орусия тараптын өзү эмне дейт болду экен? Ушул эле гезит Акүйдүн кадрдык ат жүрүшүнө сереп салып, мамлекеттик катчы А.Мадумаров «Кыргызстандын биримдиги» деген партия түзүп киргенин, Нарын облус губернаторлугун баягы 24-март окуясы учурунда Кочкор акимчилигинин алдындагы элден коркуп, арткы терезеден аттай качып кутулган экс-губернатор Шамшыбек Медетбеков мээлеп турганын, ордендүү Ошко Бакиев бай депутат Аскар Салымбековду камдап атканын, Чүйгө Өтмөктөн ашып Жусупбек Жээнбеков келип түшөрүн кабарлап жиберди.

«Лица» гезити, бийликти антиконституциялык басып алуу жолу менен келип, андан да жаманы- жаңы Башмыйзамдан «бийликти узурпациялоо кылмыш болуп эсептелет» деген статьяны алып ыргытканга үлгүргөн бүгүнкү саясатчылар мамлекетти ыдыратып, өлкөнү көз көрүнөө бөлүнүп-жарылууга алып баратканын жазды.

«Апта» гезити «Мугалим болгондон көрө жумуртка саткан аял болсом эбак кредит алмак экемин» деп арманын айткан мугалим Жамалкан айым менен баарлашкан. Көрсө кредит берүүчү фонддор жардам беребиз деп жар салган менен андай эмес экенин, Жамалкандын
андайларга бара берип таманы жыртылганын, документтерин карап алышып эле «силер жок дегенде жумуртка саткан аялдардай акча тапсаңар берет элек, мугалимдерге бере албайбыз, анткени акчаңар аз» деп карап турушарын кейиш менен кеп кылган.

«Алас» гезити Акаев бийлиги «ап» деп койгон 2 миллиард доллардын төркүн-төсүн аңтара баштады. Алым Токтомушевдин макаласында Кыргызстан үчүн келген кредиттердин канча пайызы кайсыл жактарга берилгени, аны кантип жеп-жуткандары, ХИПИКке кирсек деле ага келчү акча так ушул жол менен жок болору, баягыл качан болсо талап-тоноп, этин сөөгү көрүнгүчө мүлжүп жибргенге маш-кулдар ар-ар бурчекте шилекейлерин агызып күтүп турушканын жазып, ошондой алкы бузуктарын жазалай албаган мамлекет да мамлекетпи деген суроону кабыргасынан койду. Ушул гезит аркылуу гуманитардык конфликтолгоия изилдөө борборунун жетекчиси Уран Ботобеков Акүйдүн «Реформа үчүн» кыймылына саясый аңчылык күчөп, Акүй оппозициянын, оппозиция Акүйдүн көчүгүнө суу куймай адат улана берсе, саясат аренасына таптакыр башка күчтөр келээрин эскертти.