Литвиненконун ишиндеги башкы күбөлөрдүн биринин акыбалы белгисиз

Орусиялык экс-агент Литвиненконун ууландырылышы боюнча башкы күбө Дмитрий Ковтун тууралуу талаштуу маалыматтар айтылууда. Ковтун кечээ москвалык жана лондондук тергөөчүлөргө сурак бергенден кийин эс-учун жоготуп кулаганын Интерфакс кабарлаган. Андан көп узабай Ковтундун адвокаты Ромашов бул маалыматты төгүнгө чыгарды.