13:23 «Манас» авиабазасында болгон киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду

Ишти тергөө транспорт прокуратурасына жүктөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Кечээ кечинде АКШ аба аскерий базасынын аскер кызматкери «Манас» аба майданынын текшерип өткөрүү пунктунда май куюучу транспорттун айдоочусу Александр Ивановду табелдик пистолет аркылуу аткан. Авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмү мындай кадамга аскер кызматкери коргонуу максатында барган деп билдирүүдө.(BuS)