9:21 Барскоон кырсыгынан жабыркагандар бүгүн Бишкекте Кумтөр компаниясынан компенсация талап кылып пикет өткөрүшөт

Пикетке чыгып аткандар канадалык алтын ишканасы убада кылган компенсациянын жарымын бербей создуктуруп жатканына нааразы болушууда. Былтыр Кумтөр компаниясы 1998-жылкы цианид кырсыгынан жапа чеккен беш айылдын калкына 4 миллион доллар төлөп берүү милдетин алып, буга чейин анын жарым-жартылайын төлөгөн. (SM)