Пикет акциясын уюштуруп аткан «Карек» коомдук бирикмесинин өкүлү Аскар Өмүралиевдин билдиргенине караганда, кыргыз-канадалык алтын ишканасы өзү убада кылган компенсациянын жарымын төлөп бербей создуктуруп жатат. «Кумтөр» компаниясы 1998-жылкы кырсыкта цианиттен жабыркаган беш айылга 4 миллион доллар компенсация төлөп берүүнү убада кылган. Мындай мунасага тараптар былтыр жергиликтүү эл массалык акцияларга чыккандан кийин келишкен.