УКРАИНАНЫН НАТОГО КИРҮҮСҮНӨ ЖАРАНДАР МАКУЛ ЭМЕС

Баян Жумакадыр кызы, Прага Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович премьер болуп шайлангандан кийин АКШга алгачкы визитин улантууда. Ал вице-президент Дик Чейни, тышкы иштер министр Кондолиза Райс жана АКШнын энергетика министи Самуэль Бодман менен жолугушат. Кечээ Янукович Вашингтондогу стратегиялык изилдөөлөр борборунда болуп, ал башкарган өкмөт демократиялык жана экономикалык реформаларды улунтууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Мамдепартаменттин, чет өлкөлүк дипломаттардын жана демократиялык лидерлердин алдында сүйлөгөн сөзүндө Янукович Украина өзү тандап алган демократия жолунан тайбай турганына, бейстабилдүүлүк жана туруксуздук артта калганына ишендирди. Премьердин айтымында, келерки беш жылдын ичинде Украинада экономикалык ири өсүш күтүлөт жана өкмөт калктын жашоо дэңгээлин кыйла көтөргөнгө жетишет.

Янукович өткөн жылкы энергикалык кризиске учкай токтолуп, Россиядан Батышка газ жана мунай алып өтүүнүн жолунда турган Украина Батыш үчүн ишенчиликтүү ишкер шерик боло тургандыгына ишендирди.

Янукович өз сөзүндө ошондой эле Украинанын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө токтолуп, бул маселе өлкө калкында бирдиктүү колдоого ээ болбой жатканын белгиледи.

"Өтө таң калыштуу, бирок кансыз согуш жылдарында орноп калган түшүнүк өлкөдө дагы эле үстөмдүк кылат. Жарандарыбыздын көпчүлүгү НАТОго кошулуу Россияга каршы багытталып, эки ортодогу достук мамилеге залакасын тийгизет деген пикирде. Өлкөнүн НАТОго кирүүсүн украин жарандарынын бештен бири гана колдойт, муну биз эсепке албай койо албайбыз",- деди Янукович.

Ошону менен бирге эле ал Украина НАТОго толук укуктуу мүчө болуп кирүү максатынан баш тартпай турганын билдирип, Украина ага чейин НАТОнун ишенчиликтүү шериги болуп кала бере турганын ырастады.

Янукович өз сөзүндө ошондой эле Киев менен Москванын мамилелери жөнүндө айтты.

"Менин көз карашымда, Россияны Украин товарларынын рыногу жана өлкөнү энергия менен камсыздоочусу катары гана караган жарабайт. Мында эки өлкөнүн тарыхын, маданиятын, жарандарынын туугандык мамилелерин жана геополитикалык факторлорду эске алуу зарыл. Биз өз ара алакаларыбызды бардык тармактарда өнүктүрүүбүз зарыл, ошону менен бирге эле бири-бирибизге толук укуктуу шерик катары мамиле кылуубуз керек. Биз саясатыбызды улуттук кызыкчылыктарыбыз, приоритеттерибиз менен экономикалык кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен жүргүзүүбүз керек",-деди Янукович.

Премьер ошондой эле өлкөнүн Еврошаркетке мүчө болуп кабыл алынуу келечегине токтолуп, бул процессти шаштыруунун кереги жок экенин, анын ордуна уюм менен эркин соода жүргүзүү өңдүү жакын перспективадагы кадамдарды жасоо керектигин белгиледи.