КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ БРЮССЕЛГЕ КЕЛДИ

Нарын АЙЫП, Прага 4-декабрда казак президенти Нурсултан Назарбаев Брюссель шаарына келип, НАТО уюму жана Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолукту. Брюсселде - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйыны өтүп жатат. Назарбаев - Казакстан уюмга 2009-жылы төрагалык кылууга ниеттүү экенин билдирди.
4-декабрда Брюсселде Европа Биримдигине кирген 25 мамлекеттин укук жана ички иштер министрлери жыйын өткөрүп, Казакстан менен кызматташуу келишимин жактырды жана кийин ал келишимге президент Нурсултан Назарбаев кол койду. Келишим негизинен өзөктүк кубат тармагындагы кызматташуу менен байланыштуу жана эки тарап катышкан долбоорлордун келерки 10 жылдагы жалпы көлөмү 666 миллион долларга жетет.

Ошол эле күнү Назарбаев НАТО уюму жана Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолукту. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу Казакстан менен кызматташуу канчалык маанилүү экенин белгиледи: "Европа Биримдигине кирген мамлектетерди кубат менен жабдуу туруктуу жана коопсуз болушу биз үчүн саясий жактан өтө маанилүү жана Биримдик бул багытта Казакстанды жана аны менен болгон байланыштарды жогору баалайт. Ошондуктан биз - президент Назарбаев бул багыттагы маселелерди прагматикалык жана таза экономикалык жактан карап чыгууга даяр экенин канааттануу менен уктук", - деди Баррозу.

Үстүбүздөгү жылдын башында Маскөө Украинага кеткен газдын агымын токтотууга аракеттенгенде, айрым башка европалык мамлекеттер эки күнгө газсыз калган. Ошондуктан Европа Биримдиги азыр Орусиядан башка кубат булактарын издеп жатат жана Казакстандын мунайын Батышка жеткирүү үчүн жаңы куурларды жаткыруу пландары бар. Азыр Казакстан өз мунайын деңиз аркылуу Азербайжанга жеткирип, кийин ал Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу эл аралык базарга чыгып жатат, бирок өз алдынча куур жаткыруу пландары да бар.

4-5-декабрда Брюсселде Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат жана Казакстан анда - уюмга 2009-жылы төрагалык кылуу сунушун көтөрүүдө. Ал жөнүндө Назарбаев дагы айтты: "Акыркы жети жылдын ичинде Казакстандын экономикасы үч эсеге көбөйдү, азыр биздин өндүрүш жыл сайын 9-10 пайызга көбөйүп жатат жана биз азыр ачык экономикалуу мамлекетпиз. Мунун баары - 2009 жылы биз уюмга төрагалык кылууга укуктуу экенибизди көрсөтөт жана биз өз талапкерлигибизди алып салбайбыз", - деди Назарбаев Брюсселде.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Фридом хауз" уюму ага каршы чыкты жана Казакстан сыяктуу демократиялык эмес мамлекет уюмга төрагалык кылбаш керек деп билдирди. Европа комиссиясы өзү дагы 1-ноябрда Астананын талапкерлигине каршы чыккан. Маселе 5- ноябрда каралууга тийиш.