Чилинин мурдагы диктатору Аугусто Пиночеттин абалы оор бойдон калууда

Кечээ анын жүрөгү кармап, чукул операция жасалган. 91 жаштагы экс-генералдын 17 жылга созулган режими маалында Чилиде көптөгөн саясий өлтүрүүлөр, кыйноолор орун алган. Пиночет жаткан бейтапкананын алдына анын тарапкерлери чогулуп, тилектештигин билдиришти.