УГО ЧАВЕС ВЕНЕСУЕЛАНЫ ДАГЫ АЛТЫ ЖЫЛ БАШКАРЧУДАЙ

Амирбек Усманов, Прага Жекшемби күнү Венесуэлада президенттик шайлоо өттү. Сурамжылоолорго караганда, азыркы президент Уго Чавес жалгыз атаандашын ишенимдүү жеңип, бийликте үчүнчү мөөнөткө каларынан шек жок. Уго Чавес мунайдан түшкөн кирешени социалдык программаларга аябай жумшап, бей-бечаралардын көңүлүн алган жана Кошмо Штаттардын Латын Америкадагы көрүнүктүү сынчысы эсептелет. Венесуэла мунай экспорттоо боюнча дүйнөдө бешинчи орунда тургандыктан, тыш өлкөлөр саясый өнөктүккө кылдат көз салып турушту.
Шайлоо алдындагы сурамжылоолор 52 жаштагы Уго Чавес атаандашы, Зулия штатынын губернатору Мануль Росалести жеңип, дагы алты жылга президент болорун көрсөткөн. Таң эртелеп добуш берүүгө келген Каракастын тургуну Маргарет Оливеро айым да Чавестин жеңишинен күмөн санабайт:

-Биз 21 кылымда ушул социалисттик ынкылапты биздин президентибиз Уго Чавес Фрея менен бирдикте уланта беребиз. Чавес – бул эркек.

Буга чейинки шайлоолордон кийинки толкундоолорго байланыштуу 125 миңден ашуун аскер өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоодо.

Жарды үй бүлөдө чоңоюп, армияда полковник чинине чейин жеткен Уго Чавес 1998-жылы башкаруучу чөйрөдөгү жемсөөлүккө каршы күрөштүн толкунунда бийликке келген. Ал мунайдан түшкөн кирешенин олчойгон бөлүгүн өлкөнүн жарды аймактарында оорукана, мектеп сыяктуу акысыз социалдык мекемелерди курууга, азык түлүктөрдү аразандатууга жумшап, жарды-кембагалдар арасында сүймөнчүккө жетишкен. Өлкөдөгү 26 миллион элдин теңи жарды эсептелет.

Чавес бийликте отурган жалдары мунайдын эларалык базардагы баасы дээрлик 10 эсеге кымбаттаганынан пайдаланып, Борбор Американын айрым өлкөлөрүнө ири жардам берди.

Уго Чавес Кошмо Штаттардын келишпес сынчысы жана президент Жорж Бушту Улуттар Уюмунун ассамблеясында “Шайтан” деп келекелеген.
Айрым серепчилер Чавести Кубанын президенти Фидель Кастрого да салыштырат. Бирок, ал Венесуэланы экинчи Кубага айлантпасын бир нече ирет айткан.

Чавестин атаандашы Росалести негизинен калктын орто жана жогорку катмары колдойт. Ал шайлоо өнөктүгүн мунайдын кирешесин кайра бөлүштүрөм, Венесуэланы экинчи Кубага болуудан сактап калам деген чакырыктар астында өткөрдү.

Азыркы конституция боюнча Уго Чавес 2012-жылы төртүнчү ирет шайлоого катыша албайт. Анткен менен, учурда Чавестин тарапкерлери парламентте, өкмөттө жана сот органдарында үстөмдүк кылышкандыктан, анда өзү убада кылган конституциялык реформаны каалагандай жүргүзүүгө толук мүмкүндүгү бар.