Көгүлтүр Ысыккөлдүн жээгинде 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү “Өткөөл мезгилдеги мамлекеттердеги коомдук саясат, анын механизмдери жана институттар” аттуу эларалык форум өттү. Форумдун негизги максаты – коомдук саясат технологияларын жайылтуу жолу менен мамлекетти натыйжалуу башкаруунун жолдорун өркүндөтүү. Мындай форумду өткөрүүгө, Кыргызстандагы акыркы бир жарым жыл аралыгында болуп өткөн саясий окуялар себепчи болгон. Евразия чөлкөмүндөгү тогуз мамлекеттен чогулган адистер маселени талкууга алышты.
Форумга катышкан мамлекеттик жана көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү мамлекетти натыйжалуу башкаруу жаатында тажрыйба алмашышты. Айрыкча, Грузия, Украина, Кыргызстан сыяктуу түстүү ыңкылаптар болуп өткөн мамлекеттердин маселелери кызуу талкууланды.
Адистер негизинен мамлекетти башкарууда коомдогу ар кыл мыйзамдуу топтордун кызыкчылыктары эске алынган башкаруу системаларын иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолушту. Анткени мындай жол авторитардык системалардын орноп кетишине тоскоол болмокчу. Маселен, грузиялык саясат таануучу Георгий Такамуравинин айтымында, коомдук саясаттын чабалдыгынан өлкөсүндөгү бийликке келген жаңы адамдардын көбү эл менен эсептешпей калды:
- Бизде да үч жыл мурда болгон окуялар бийлик чокусуна көптөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн алып келди. Алардын бир тобу парламентке, аткаруу бийлигине келишти. Бирок, айта кетүүчү нерсе эмнегедир алардын көбү калган жарандык коом менен кызматташууну каалабай калышты. Бул көйгөй менин оюмча ыңкылаптар болуп өткөн бардык жердеги абал,-дейт грузиялык саясат таануучу.
Азербайжандын социалдык жана экономикалык изилдөө борборунун адиси Вугар Байрамов Кыргызстан демократиялык принциптерди орнотуу жаатында Азербайжандан алдыга кетти деген ойдо:
- Коомдук саясат системасы Азербайжанда анча өнүккөн эмес. Мамлекет менен жарандык коомдун байланышы начар. Бирок, беш жыл мурдагыга салыштырганда өсүш бар. Бүгүнкү бейөкмөт уюмдарынын таасири көбүрөөк. Бул жаата Кыргызстан бизден алдыга кеткендей, - дейт Вугар Байрамов.
Украинанын министрлер кабинетинин коом менен байланыш бөлүмүнүн директорунун орун басары Наталья Днепренконун айтымында, ыңкылаптан кийин Украинада коомдук саясатты жүргүзүү механизмдери мамлекеттик уюмдарда иштей баштады:
- Мисалы, биз ар бир министрликте коомдук кеңештердин системасын курдук. Ар бир коомдук уюм өз министрине таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биз түзгөн легитимдүү жолдор боюнча алардын кайрылуусун министр угууга милдеттүү. Андай болбосо сотко кайрылуу жолу менен бул маселени чечүү механизмдери иштелген.
Кыргызстандын президентинин администрациясынын уюштуруу жана көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Олег Тарбинскийдин пикиринде, мамлекетти башкарууда коомдук саясатты өнүктүрүү керек. Эми, эскиче башкарууга болбой калды:
- Ким көбүрөөк кызыкдар, жарандык коомбу же бийликпи? Менимче, бир жарым, эки жыл мурда жарандык коом кызыкдар болчу. Бийлик анда эски жолдор менен башкара берсе болот деп ойлогон. Өткөн жылдагы март окуясы бийлик андай жолдор менен башкарууга болбой турганын көргөздү. Өлкөдөгү абал таптакыр өзгөрдү, - деди Олег Тарбинский.
Ал эми “Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев коомдук саясат бийликти аткаруунун сапаттуу жолу экендигине токтолуп, бийлик өкүлдөрүн бул жолго тезирээк түшүү үчүн чечкиндүү болууга чакырды:
- Бул мамлекеттик бийликти аткаруунун сапаттуу механизми. Бул бир четинен коомчулуктун түшүнүгүн, аң-сезимин көтөрөт, экинчиден коомчулуктун өзү үчүн сапаттуу чечим чыгаруу жолу. Муну ишке ашырыш үчүн бийликтин чечкиндүү аракеттери керек.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар мындай тажрыйба алмашуулар, демократиялык жолдо бараткан өткөөл мезгилдеги мамлекеттер үчүн өтө пайдалуу экендигине токтолушту. Форумда козголгон маселелердин жыйындысы бийлик өкүлдөрүнө да тапшырылды. Бул эларалык форумду уюштурган “Сорос-Кыргызстан” фондунун жетекчилиги, пикир алмашуулар мындан ары да улантыларын билдирди.