Егор Гайдар радиациялык ууланууга дуушар болгон эмес

Бул тууралуу Ирландиянын Дублин ооруканасынан билдиришти. Гайдар учурда Орусияда дарыланып жатат. Ал Ирландияда жүргөндө 24-октябрда катуу ооруп калган эле. Орус дарыгерлери анын эмнеден ооруп калганын аныктай албай жатышат.