HIPC: ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОБЛЕМА, САЯСИЙ ТАЛАШ

Кыргызстандын эларалык каржы уюмдары менен тышкы карыздарды жоюу боюнча сүйлөшүүлөрү буга чейин жарандык коомдун өктөм талабы алдында өткөн эмес. HIPC демилгеси чоң талаш-тартыштарды жаратууда. Күн кур эмес Бишкекте жаштардын демилгеси менен Хипикке каршы пикеттер өтүүдө. Өлкөнүн экономикалык-саясий өз алдынчалыгына таасир тийгизчү демилге тууралуу өкмөттүн өзүндө бир пикир жок. Жарандык коом сүйлөшүүлөр ачык өтүшүн талап кылууда.
Жарды өлкөлөрдүн чоң карызынын кыйласын кечип ийүү чечимине келген Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын эксперттери менен жолугушууларына жарандык коомдун бир өкүлүн катыштырууга Кыргызстандын экономика жана каржы министринин статс-катчысы Азамат Дыйканбаев гана макул болду. Анткен менен калган сүйлөшүүлөр жабык эшик артында эле өтүүдө.

Адам укугу боюнча кыргыз-америкалык бюронун жетекчиси Наталья Аблова HIPC демилгесине кирсе, андан жалгыз Кыргызстан эмес, жаамы Азия континентинин кадыры түшүп, алыс-жакын коңшулардын ишеними түгөнөт, деген пикирде.

- Карызга белчесинен батып, оор экономикалык абалга кептелсе да Азиянын кайсы бир өлкөсү Хипикке кирүүнү ойлонгон эмес. Бу демилгеге кирсек биз Азиянын атын сатып, кадырын кетиребиз. Антсек бизди Европа жектеп, Азия жийиркенет. Андан да жаманы - виза режими өзгөрүп, баары бизден качып калат.

Кыргызстандын экономика жана каржы министрлигинин статс-катчысы Азамат Дыйканбаев HIPC демилгесинен чочулаштын кажаты жок дейт. Ага кириш-кирбештен мурун программанын шарты менен таанышып, андан соң гана бир бүтүмгө келүү зарыл.

- Биз болгон кабарды жарыя кылып жатабыз. Бирок да аны маалымат каражаттары контексттен үзүп-жулуп, бүгүнкүгө гана керектүү деп эсептегенин айтып жатышат, - дейт А.Дыйканбаев.

Статс-катчы Дүйнөлүк банктын миссиясын утурлап кыргыз өкмөтү үч шартты коюп жатканын ачыкка чыгарды. Ал - Кыргызстан өз каржысына өзү ээ болуу, реалдуу экономиканы өнүктүрүү жана да аны өз алдынча башкаруу талабы.

Эларалык каржы уюмдары болсо тышкы карыздарды мындан ары алууну чектеп, аны жөнгө салуу, экономикалык реформаларды дагы тереңдетүү, коррупциянын тизгинин бекем тартуу сындуу биртоп шарттарды коюуда. Анын өкмөт менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы кандай болорун так айтыш кыйын. Жарандык коомдун талабын эске алып өкмөт HIPC демилгесинен баш тартабы же карыз жүгүн жеңилдетиш үчүн баарына кайыл болобу – бул да белгисиз.

Улуттук банктын валюта операциялары башкармалыгынын жетекчиси Раушан Сейиткасымова демилгенин баасы бир миллиард ашуун доллар акчаны түзөт. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстан пайдаланышы керек дейт.

- HIPC менен MDRI ушу тапта бири-биринен ажырагыс программалар. Өлкө HIPCтин аягына чыкты дегиче эле MDRIга кирди дей бергиле.

Чын-чынына келгенде оголе көп сөз болгон HIPC демилгесине кошулуунун шарттары тууралуу көпчүлүктүн түшүнүгү аз. Ошон үчүн Кыргызстан бизнес ассоциациясынын өкүлү Чынара Сейдакматова белгилегендей, үч күндөн бери жаштар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү пикетке чыгышып ортодогу сүйлөшүүлөрдүн ачык болушун талап кылышууда.

- Сүйлөшүүлөр ачык жүрсүн. Биз анын айкын-ачык болушун каалайбыз,- дейт Ч.Сейдакматова.

Дүйнөлүк банктын миссиясы Бишкекте ушул айдын ортосуна чейин сүйлөшүүлөр жүргүзөт. Маалымат катары айта кетчү сөз, Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банк HIPC прорграммасынан өткөн өлкөлөрдүн көп тараптуу карыздарын MDRI программасы боюнча эч кандай талап-шарты жок кечип кое алат.