УКРАИНА: ЖОГОРКУ РАДА «УКРАИН ЭЛИНЕ КАРШЫ ГЕНОЦИДДИ» РАСМИЙ ТААНЫДЫ

Төрөкул Дооров, Москва Украинанын парламенти – Жогорку Рада – 28-ноябрь күнү 1932-33-жылдардагы массалык ачкачылыкты, же айтылуу Голодоморду украин элине каршы жасалган геноцид деп тааныды. Бул боюнча мыйзам долбоорун депутаттардын жарымынан көбү колдогону менен, ага каршы чыккандар да аз болгон жок.
Убагында Иосиф Сталин тарабынан атайын уюштурулган ачкачылыктан Украинада 10 млн.дой адам көз жумган. Бул трагедия украин аң-сезиминде эң оор жана талылуу суроолордун бири бойдон калууда.

Сталиндик мезгилдеги Украинада болгон ачкачылыкка саясий баа берүү максатында парламентке эки башка мыйзам долбоору сунушталган болчу. Бирөөсүн президент Виктор Ющенко берип, Украинадагы ачкачылыкты «Украин улутуна каршы жасалган геноцид» деп таанууга чакырган.

Ал эми премьер-министр Виктор Янукович менен анын «Региондор» партиясындагы юристтер ачкачылыкты жөн гана «трагедия» деп таанууга үндөштү.

«Региондор» партиясы менен коммунисттер өлкөдө өткөн кылымда жүз көргөн окуяларды «украин элин кыруу болгон» десек, бүгүн жумуриятта антиорусиялык маанайды күчөтүп алабыз деп, этиятыраак болуу лаазым экенин эске салышты. Алардын айтымында, ачарчылыктан бир эле украиндер эмес, орустар да өлгөн.

Жогорку Рададагы кызуу талаш-тартыштар Минскте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммити менен туш келип калды. Андыктан Ющенко өз өлкөсүндөгү парламентте болгон кыйкырык-өкүрүктөрдү уккан жок.

Бирок президент талкуу учурунда өзүнүн оппоненттеринин пикирин билгиси келген беле, айтор, талкууга чейин эле эки күн мурда билдирүү жасап, өзү сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Орусияны «голодомор» үчүн айыптуу деп атабай турганына басым жасаган.

- Ал ачкачылыкты атайы уюштуруп, адамдарды өлтүргөндөргө тарых өз өкүмүн алда качан эле чыгарып койгон. Бул – тоталитардык, коммунисттик, сталиндик система. Анда эч кандай улуттук уркокшомдугу жок, - деген болчу украин президенти.

Мына ушундай эле оюн Украинадагы Улуттук эскерүү институтунун башчысы Ихор Юхновский да билдирди. Анын айтымында, депутаттар бул мыйзам долбоорун украин саясатчыларына багытталган сынак катары кабыл алышы керек. Анткени саясатчылар мамлекет тарыхына баа берүүгө жетилген-жетилбегенин алардын мыйзамга болгон мамилесинен көрүүгө болот.

- Ачкачылык болгону, анан көптөгөн адамдар сырткы дүйнө менен байланышсыз калып, андан жапа тартканы – бул факт. Бизде документтер бар. Андыктан, ал учурда өлгөн бейкүнөө адамдарды эскербей коюу – бул өзүбүздүн элибизге каршы жасалган кылмыш болмок, - дейт Юхновский.

Өткөн кылымда Украинада атайын жасалган ачкачылыктын болгонун Советтер Союзу эч качан тааныган эмес. Украина эгемендүүлүккө жетишкенден кийин гана бул жөнүндө кеңири айтыла баштады.

Украин тарыхчылары Советтик Украинада миллиондогон эл атайы уюштурулган ачкачылыктан өлгөнү тууралуу далилдерди топтой алышкан.

Ал кездеги ачкачылыктан эптеп кутулгандардын айтымында, айла кеткенде адамдар кадимкидей бири-бирине кол салып, жеген учурлар да болгон экен.

Колхоздорду түзөбүз деп украин жериндеги майда чарбачылыктарды жоюу, алардын жерлерин тартып алуу өнөктүгү башталган болчу. Элдин топтогон эгинин, малын бийликтер тартып алышкан. Ага каршы чыккан дыйкандарды жазалоо иретинде атайылап ачкачылыкты жаратышкан деп айтылат тарыхый документтерде.

Ошентип, украин парламенти өткөн кылымдын биринчи жарымындагы окуяны «украин элин кырып жок кылуу аракети» болгон деп тааныды.

Президент Виктор Ющенко болсо парламент анын сунушун колдоп, мыйзамды жактырганын жылуу кабыл алды. Анын ишениминде, бул жалпы украин элин бириктире турган тарыхый аракет болуп калмакчы.