Эгерде Кыргызстан ага кирсе тышкы карыз 1милилард 190 миллион доллардан 864 миллион долларга чейин кыскарышы, Париж клубуна мүчө өлкөлөрдүн карызды кечип салуу мүмкүнчүлүгү, жакырчылыкты кыскартууга каражаттын көбөйүшү жана насыя төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашы белгиленген. Ал үчүн өлкө тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сактоого милдеттүү. Терс жагдай катары тыштан финансы алуунун татаалдашы, берилип жаткан гранттык жардамдын кыскарышы аталган.