АКШ президенти Буштун Ирактын премьер-министри ал-Малики менен жолугушуусу белгиленген күнү болбой калды

АКШ президенти Буштун Ирактын премьер-министри ал-Малики жана Иорданиянын падышасы Абдулла менен шаршемби күнгө белгиленген үч тараптуу жолугушуусу бүгүнкүгө жылдырылды. Жолугушуунун башка күнгө жылдырылышы Буштун ал-Маликиге болгон теңсинбөө мамилеси деген пикирлер чындыкка жатпайт, деп билдирди Акүйдүн өкүлү. Жолугушуу учурунда Иракта зомбулукту токтотуу маселеси каралаары күтүлүүдө.