Европа Комиссиясы Анкаранын Кипрдин кемелерине портторун ачуудан баш тартуусуна жооп катары, Түркия менен Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотууга чакырды. Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган мындай чечим акылга сыйбайт, деп билдирди. Еврошаркеттин Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча сунуштарын декабрда өтө турган жыйыны жактырышы керек.