Иран президенти Ахмадинежад АКШнын тышкы саясатын сынга алды

Иран президенти Ахмадинежад АКШ элине ачык кат жолдоду. Анда Ахмадинежад АКШнын тышкы саясатын сынга алып, Ирактагы согушка америкалыктар миллиарддаган доллар жумшоого макулбу деген суроо коет. Ахмадинежаддын айтымында, АКШ өкмөтүнүн күчү танктарда, учактарда, ракеталарда же болбосо өзөктүк куралда эмес. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейсли бул катты коомчулук алдында тиш кайроо катары баалады.