ЭСЕНГУЛ ӨМҮРАЛИЕВ: ХИПК МАСЕЛЕСИНДЕ АЧЫК-АЙКЫНДЫК ЖОК

Маектешкен Венера Сагындык кызы, Прага ХИПК программасына кирүү, кирбөө маселеси ушу тапта кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан кез. Оштун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жана башка саясатчылар парламент менен өкмөт өз ара тил табышпаса жаңы саясий кризис келип чыгышы мүмкүн деп айтышууда. Ушул жана башка маселелер тегерегинде таңкы “Азаттыктын” түз ободогу маегинде Ысыккөл облусунун экс- губернатору, мурдагы вице премьер министр Эсенгул Өмүралиев ой бөлүштү.
- Азыр кыргыз тили үчүн жат ХИПК деген сөз Кыргызстанда эң көп талашты жаратып жаткан чак. Сиз бул программага кирүүнүн шарттары түшүнүксүз деген пикириңизди айттыңыз жакында. ХИПКтин сыры менен чыры эмнеде, кыскача айтканда?

- Бул программага кириш үчүн андагы коюлган шарттарды ачык-айкын, так элге түшүнүү жана элге түшүндүрүү керек. Эгерде андай ачык-айкындык болбосо жанагыдай сөздөр кете берет. Негизинен Кыргызстандын тарыхында көп эле программалар иштеген ПЕСАК сыяктуу. Ошолордун бир түгөйү болуп калбасы үчүн элдин арасында коркунуч ошондон пайда болуп атат. Себеби ал программаларды да убагында туура эмес жасап алып, пайданын ордуна зыян алып калганбыз. Ошондуктан бул маселелерди абдан терең изилдеш керек.

- Айрым экономисттер айтып атпайбы, азыркы Кыргыз бийлиги ХИПКке кире калып, энергетика, тоо кен тармагын сатууну көздөп жатат деп. Акаевдин тушунда андай ойлор жок беле?

- ХИПК программасынын шарттарынын ичинде ошолор болушу мүмкүн. Мисалы, стратегиялык сектордогу менчикти мамлекеттен ажыратуу маселеси. Эгерде ошол биздин мамлекетибизге пайда алып келе тургандай реформа болсо ага барыш керек, ал эми андай болбосо ага барбаш керек. Азыркы күндө ХИПКке кирчү программанын ачык шарттары жок.

- Эми өлкөдөгү саясий кырдаалга келсек. Оштун губернатору парламент менен Акүй тил табышпаса жаңы саясий кризис болот деген оюн айтты. Жагдай ошончолук татаалбы?

- Бул сөзгө мен толугу менен кошулам. Себеби Конституциялык реформа бүткөндөн кийин деле бул тирешүү уланып баратат. Эгерде бул маселеде бир тилге, бир ойго, бир пикирге келбесек, анда бул саясий кырдаал тереңдеп кетиши мүмкүн.

- Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынышына удаа сиз Ысыккөл губернаторлугунан бошотулдуңуз, мунун артында саясий себеп жокпу?

- Бул жерде болгон мотивдердин ичинде саясий маселелер боюнча жакшы колдоо көрсөтүү деген маселе коюлуп атат. Менимче, туура эмес маалыматтын жеткенинен болсо керек, себеби Ысыккөл облусунда ноябрдагы абалдын убагында биз түз эле позицияда турганбыз. Себеби, мен илгертеден мамлекеттик кызматтарда жүрүп мораль, этиканы туткан кишимин. Бирок ошол эле убакта реформаны тездетиш керек деген өзүмдүн көз карашымды айтып жүргөм.

- Ысыккөлдү өнүктүрүүнүн 15 жылдык программасын даярдаган элек деп билдирдиңиз, анын башкы багыттары кайсылар эле. Жаңы губернатор Кыдыкбек Исаев менен жолугуп ал программаны талкуулай алдыңарбы?

- Ал программаны өзүңүздөр билесиздер, президенттин кайрылуусу чыкканда аны жер-жерде бекемдебесе сөз боюнча калып калат деп. Ошол багытта жасалган программа болчу. Негизинен Ысыккөл облусунун 15 жылдагы стратегиялык келечеги, анын приоритеттүү багыттары, ошого жетүүнүн жолдору жөнүндө презентация кылганбыз. Жаңы губернаторго ал маселелерди айтып, табыштап кеттим, ал жигиттер эми аларды улантат болуш керек.

- Негизги багыттары кайсылар эле?

- Негизги багыт, Ысыккөл облусунда туризмди өнүктүрүү, айыл-чарбасын, тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү, ошолордон чыккан жыйынтыктын эсебинен элдеги жумушсуздукту 15 жылда жоюп, көлөмүнүн ар бир жаранына болгон доходду дүйнөлүк орточо деңгээлге жеткирели дегенди ар кандай чаралар менен, көрсөткүчтөр менен бекемдегенбиз.