НАТОнун баш катчысы Яап Де Хоф Схеффер Ооганстандагы аракеттерди бошоңдотпоого чакырды. Ригадагы саммиттин алдында сүйлөгөн сөзүндө катчы ошондой эле ооган аскерлери өлкөдөгү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти 2008-жылдан баштап өзүнө ала баштаарына үмүттөнүп жатканын айтты. Эстониядагы саммитке келген президент Жорж Буш НАТО Ооганстандагы абалды турукташтыруу үчүн ал жерге көбүрөөк аскер жайгаштырышы керек, деп билдирди.