КЫРГЫЗСТАН-БЕЛАРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАНДАНАТ

Президент Курманбек Бакиев 27-ноябрда Беларус президенти Александар Лукашенко менен жолугушуп, “Достук жана кызматташтык жөнүндөгү» эки тараптуу келишимге кол коюшту. Айрым байкоочулар бул документ Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт деген ишенимде. Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү болсо жарандык коомдун карым-катышы артарына үмүт байлап жатышат.
27-ноябрда Беларус президенти Александр Лукашенко кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандагы саясий кырдаалдан кабардар экендигин, келечекте эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан да жогору деңгээлге көтөрүлөрүн белгилеген. Бул тууралуу Минскидден президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев кабарлады.

"Александр Лукашенко Кыргызстан менен саясий маселеде эч кандай пикир келишпестиктер болбогондугун, мындан ары да болбойт деп ишенерин билдирди".

Нурлан Шакиев белгилегендей эки өлкө башчыларынын жолугушуусунун соңунда “Достук жана кызматташтык” келишимине кол коюшту. Келишимге ылайык Кыргызстан тарап мөмө-жемиш, пахта жана башка айыл чарба продуктуларын Беларуска экспорттосо, Беларусь тарап коммуналдык чарбага керектүү техникалар, троллейбус, трактор менен камсыз кыла турган болду.

Кыргызстандагы айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү президент Бакиевдин Беларусь өлкөсүнө жасаган расмий иш сапары, адам укуктарын коргоочу уюмдар, жарандык коомдор менен алака түзүүгө мындан да жакшы шарт түзөт деген ишенимде. “Жарандык коом коруппцияга каршы” адам укугу борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, авторитардык өлкө делген Беларусь Республикасына Кыргызстандын демократияга карата умтулуу тажрыйбасы жайылышы керек.

"Беларуссия бүгүнкү күндө авторитардык режимде жашап жатканы баарыбызга маалым. Биздин укук коргоо уюмдары менен түздөн-түз байланыштарыбыз бар. Ошон үчүн менин айтайын дегеним, балким мырза Бакиев ошол авторитардык өлкөлөргө өзүнүн үлгүсүн көрсөтүп, жаңы редакциядагы Конституция кандай кабыл алынды, адам укугу кандай болду, президенттик-парламенттик системага кандайча өттүк деген тажрыйбаны жаят деген чоң үмүттөмүн. Бул сапар эки өлкө ортосундагы жарандык коомдор менен байланышты күчөтөт деген ишенимдемин", -деди Төлөйкан Исмаилова.

Ал эми президент Курманбек Бакиев Минскиде бүгүн Тжикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.