18:30 Бакайата акимчилигинин аткаминери облустук администрацияны сындады

Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында айыл чарба кызматкерлеринин майрамы белгиленди. Салтанатта губернатордун орун басары Койсун Курманалиева жакшы иштеген айыл чарба кызматкерлерине, фермерлерге облустук деңгээлде ардак грамота, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Жыйындын соңунда Бакайата райондук акимчилигинин агрардык бөлүм башчысы Мурат Жунусов мырза “Бүгүнкү учурда Кыргызстанда 99 пайыз айыл чарба кызматкерлери болуп саналат. Себеби, мугалим да кетмен көтөрүп, талаада иштейт. Айыл чарба майрамын жакшылап өткөрсө болмок. Өтө начар уюштурулган”,-деп облустук администрацияны сындап кетти. (UE)