13:00 «Ата Мекен» партиясынын бүгүнкү күнгө белгилеген нааразылык акциясы болбой калды

Бул тууралуу “Азаттыкка” партия лидерлеринин бири Дүйшөн Чотонов билдирди. Партиянын бир мүчөсү Бакыт Калпетов мурда күндөн бери УKK абагында отурат. Ага мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Атамекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо. Бакыт Калпетов болсо кечээтен бери ачкачылык жарыялап, партиянын башка мүчөлөрү да ага тилектештик иретинде саясий ачкачылык жарыялаган жатышат. (ZMa)