16:02 БШК Алмамбет Матубраимовду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды

Бүгүн Борбордук Шайлоо Комиссиясы Мырзаке аймактык шайлоо комиссиясынын 15-ноябрдагы токтомуна ылайык Алмамбет Матубраимовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды деген чечимин чыгарды. 54 жаштагы Алмамбет Матубраимов ЕВРАЗЕСтин жана КМШнын алкагында кызматташтык боюнча президенттин ыйгарым өкүлү болуп иштеп келген.