14:51 Жалалабатта диний экстремисттик уюмдар жана секталар адамдарды акча менен азгырууда

Дин жана дин аралык мамилелер талкууланган жыйында ислам динин туткандар «Хизбут-тахрир» партиясына адашып кирип жаткандыгы, жумушсуз, оору, турмушу начар адамдар христианчыл уюмдарга аргасыз кошулуп аткандыгы белгиленди. Элдин дин тууралуу түшүнүгү аздыгынан диний экстремизм менен диний сепаратизм бийлик жана байлыкка умтулуп, дүйнөгө коркунуч туудуруп жаткандыгы айтылды. Ислам халифатын курууну жактаган партиянын таасиринде облустун миңге чукул тургуну калганы жана христианчыл секталар өз катарына кайрымдуулук жардам, акча берүү менен жарандарды азгырып жатканы жөнүндө сөз болду. «Жаңы жашоо» аттуу диний уюмдун пастору акча таратуу жөнүндө маалыматтарды төгүндөп, Иса пайгамбарга табынган 100-150дөй адамдын 90 пайызын кыргыздар түзөөрүн маалымдады. (YA)