Грузияда кечээ Роза революциясынын үч жылдыгы белгиленди

2003-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы эл ичинде массалык нааразылыкты жаратып, президент Шеварнадзе кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Президенттик кезексиз шайлоодо оппозиция лидерлеринин бири Михаил Саакашвили жеңген.