10:37 Сот адилеттиги боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жардыкка өзгөртүү киргизилди

Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеш” жөнүндө 2004-жылдын 14-декабрдагы жардыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жардыгына 23-ноябрда кол койду. Ага ылайык жогорудагы улуттук кеңештин курамы сот, Жогорку кеңеш, аткаруу бийлиги, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 16 адамды түзөт.