17: 00 Өкмөт мөөнөтсүз митингге чыккандарды куугунтуктай баштадыбы?

Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин, өкмөт экономика менен алектенеби десек, мөөнөтсүз митингге катышкандарды куугунтуктай баштады. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Реформа үчүн” кыймылдын айрым мүчөлөрүн Улуттук коопсуздук кызматы суракка алуусун улантууда. Ал эми “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Бишкек шаардык уюмунун башчысы Райкан Төлөгөнов аталган партиянын мүчөлөрүнө мөөнөтсүз митингге активдүү катышты делип, Бишкек шаарынын, Жалалабад, Ош облустарынын жергиликтүү администрациясы менен укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди. (AJ)