11:00 “Ак үйдө” парламентти таркатуу планы иштелип жатабы?

“Декабрда парламентти таркатуу планы “Ак үйдө” иштелип жатат”,-деди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн парламенттин сессиясында. Анын пикиринде, парламент таркатылып жаңы шайлоо өткөрүлсө, шайлоо менен “ак үйдөгүлөр” да кызмат орундарынан кетишет. Ал ошондой эле айрым чиновниктер Жогорку Кеңештин кабыл алган мыйзамдарын жана чечимдерин легитимсиз дегени мыйзамды билишпегендиги экенин белгиледи. “Жаңы Конституцияда, жаңы түшүнүк- Конституциялык курам киргизилген. Анын курамы 90 депутаттан турат. Бүгүнкү күндө мыйзамдуу шайланган 72 депутат. Алардын 37си сессияга катышса кворум болуп, 37 добуш менен мыйзам кабыл алынат”,- деп маалымат берди Текебаев. (AJ)