Жаңы өкмөттүн курамында аялдардын катары 30% кем эмес болушу керек. Бирок да өкмөт тууралуу мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүүнү парламент мүчөлөрү колдошкон жок.
Жаңы мыйзам долбоорунда Скандинав өлкөлөрүнүн тажрыйбасы эске алынганын парламенттин социалдык саясат комитетинин төрагасы Бектемир Мурзубраимов белгиледи: "Мен бул тажрыйбаны Скандинав мамлекеттериндеги жалпы өлкөлөрдөгү ал-ахывал, турмуш деңгээли, коррупциянын абалы, ушундай биртоп материалдардын негизинде айттым".
Депутат Кубатбек Байболов эмнеликтен атын-жөнүн туура жаза албаган эркектер чоң кызматтарды ээлеп, аларга салыштырмалуу кыйла билимдүү ак жоолукчандар мамлекетти башкаруу ишинен четтеп калып жатканына кызыкты.
"30% аялдар болсун деп президент жарлык чыгарган. Бирок, тилекке каршы, ал жарлыктан кийин бирин-экин аялдарыбыз дагы кызматта болбой калбадыбы. (Бектемир Мурзубраимов: - Чаап салышты.) Ушунун себеби белгисиз. Азыр мына фамилиясын жаза албаган эркектер отурбайбы".
Аялдарды жогорку кызматтарга тартуу жайында президент жарлык эле чыгарбастан, быйылкы кыз-келиндер майрамы 8-мартта аларды убадага тундурганын Өмүрбек Текебаев да эстеп жиберди.
"Мен ошондо 8-март болбосо аялдар бар экенин, гендердик проблема турганын эстейт албайт беле деп ойлодум. Бирок ошондон кийин президент аялдардан кызматка дайындаганын, аларды көп жылдырганын мен көргөнүм жок."
Антип аткаруу бийлигинен 30% кем орунду аялдарга энчилеп коюу мурдагы социализм доорундагы теңдемичиликти эске салгандан башкага жарабастыгын, дегеле минтип кызмат орун бөлүштүрүүгө каршы экенин Муратбек Мукашев айтты:
"Анан эми минтип орун бөлүп, 30% мындай болсун дегенге мен каршымын. Ачык айтайын, мен каршы добуш берем. Мен макул эмесмин. Анткен себебим, мына НПО боюнча 90% аялдар. Майрам (Акаева – ред.) эженин тушунда гендердик саясатты бир эле аял чеччү. Анан Кыргызстанда гендердик саясат жок деп айта албайбыз да. Ошондо ойлоп көрүңүздөрчү, эркектеp аялга барып «ушундай кылып бериңиз, тигиндей кылып бериңиз» деп жалынчу эмес беле."
Кыйла эле кызуу талаш-тартыштан соң депутаттар жаңы мыйзам долбоорун колго сала келишкенде, аны отургандардын 45 гана колдоору ачыкка чыкты. Конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы үчүн 51 добуш керек болчу. Эми жаңы мыйзам жарым жылдан кийин дагы талкууга салынышы ыктымал же депутаттар добуш берүүнү чакыртып алып кайрадан добушка коюп жибериши деле мүмкүн.
Публистчи Кален Сыдыкова эл өкүлдөрүнүн алдагыдай кадамын парламенттин саясий жактан дагыле жетиле электиги менен түшүндүрөт:"Депутаттардын мыйзам долбоорун өткөрбөй коюшун мен парламенттин профессионал эместигинен гана көрөм. Бирок эртедир-кечтир бул долбоор колдоого алынат го деп ойлойм. Анткени ал кайрадан коюлушу керек. Коомчулуктун талабы ошондой."
Бекташ Шамшиев, Бишкек