МАНАСТААНУУ ЖАНА КӨРКӨМ МАДАНИЯТ БОРБОРУНДА КИТЕП КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ

Бүгүн кыргыз улуттук илимдер академиясынын алдындагы Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борборунда жарык көргөн 300 китептин көргөзмөсү болот.
Кыргыз элинин маданиятын, адабиятын, көркөм мурасын жыйноо, изилдөө жана аны жарыялоо максатын аркалаган “Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борборунун түзүлгөнүнө он жылдын жүзү болду. Мына ушул убакыт аралыгында чыгарган эмгектерибизди окурмандарга тааныштыруу, отчет берүү максатында бул көргөзмөнү уюуштуруп жатабыз деди аталган борбордун жетекчиси Абдылдажан Акматалиев. Ал эми борбордун ага илимий кызматкери Мурат Мукасов көргөзмөдө коюлчу китептер тууралуу мындай деди.

-Кыргыз адабиятынын жети томдугун баса белгилеп айтсак болот. Бул абдан салмактуу эмгек. Андан кийин 40 томдук да коюлат. Бул болсо биздин кол жазмалар фондусунда сакталып, 1922-жылдан баштап чогултулган кыргыз элинин элдик оозеки чыгармачылыгынын казынасы. Мына ошонун текстинин түп нускасын бузбай оригиналда кандай болсо ошондой илимий мамиле жасап, ошол кырк томдукту түзүүгө белсенип киришип, отуз томдукту чыгарганбыз.

Мындан сырткары кыргыз адабиятчылары, сынчылары жөнүндө жазылган ошону менен бирге кыргыз элинен чыккан улуу инсандар тууралуу жарык көргөн эмгектер бар. Бул китептерди кыргыз окурмандары гана окубастан, башка өлкөлөрдөн да илимпоздор келишип, илимий иштеринде пайдаланышат.

Мурат Мукасовдун билдиргенине караганда көбүнчө Казакстандан жана Түркиядан илимпоздор келишет. Мына ушундай баалуу эмгектерди чыгарууда тажрыйбалуу жана жаш адистер жоопкерчиликтүү мамиле жасап, анын натыйжасында мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан. Борбордун көпчүлүк кызматкерлери бир катар өлкөлөрдө болушуп, кыргыз адабияты, маданияты боюнча илимий баяндамаларын окушкан. Басма сөз беттеринде чет тилдеги макалалары жарык көргөн. Учурда борбордун кызматкерлери "Манас" эпосунун академиялык басылмасынын Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы үч китебин чыгарууга аракеттерди көрүшүүдө.

-Айжан Шаботоева, Бишкек