Казак президенти Назарбаевдин Лондонго сапары башталды
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк иш сапары менен Лондонго келди. Ал сапар учурунда Британиянын ханышасы Елизавета экинчи, премьер-министри Тони Блэр жана бир катар расмий өкүлдөр менен жолугушат.