Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо акыйкатсыз өттү деп санаган тарап шайлоонун оош-кыйыштарын териштирүүнү сурап, президентке, билим берүү министрлигине кайрылууну максат кылышууда. Бул аракеттен майнап чыкпаса алар сотко кайрылышы мүмкүн. Ректорду шайлоо 17-ноябрда өтүп, анда он талапкердин ичинен Ырысбек Өмүрканов жеңишке жетишкен. Ушундай тыянак менен аяктаган ректордук шайлоону уюштуруу комиссиясы добуш берүү акыйкат өткөндүгүн баса белгилеп жатат.
Кыргыз Улуттук Университетинин ректоруна талапкердигин шайлоо алдында алып салгандардын бири профессор Жанат Жаманкуловдун айтымында, шайлоо административдик кысымдын алдында өттү:"Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректорлук кызматына өткөрүлгөн шайлоо ачык, айкын, демократиялуу калыс өткөн жок.
Жаш балдарын тамактандырып келүүгө суранып кеткен эне мугалимдерди, дары-дармек ичүүгө сыртка чыккан ден-соолугу начар 38 мугалимди шайлоонун экинчи айлампасына киргизбей коюшту, добуш берүүгө факультет боюнча чогуу киргизишип жетекчилер кысым көрсөтүп жатышты."
Дагы бир талапкер Амангелди Бекбалаевдин айтымында бул шайлоо бир нече айга атайын кечеңдетилди. Себеби Улуттук университетте 20-30 жыл иштеген айрым мугалимдер шайлоого катышпай, иштегенине 1-2 жыл болгон жаштар добуш беришкен. Жогорку окуу жайда бир миң жети жүздөн ашуун мугалим эмгектенсе, алардын жети жүзгө жакыны гана шайлоого катышкан. Ошондой эле добуш берүү маалында 6 бюллетень жоголуп кеткен:
"Ректорду шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Жогорку кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов ректордун милдетин аткаруучу Ырысбек Өмүркановдун классташ, досу, жердеши болгону үчүн анын жеңишине бардык аракеттерди көрдү",- дейт Амангелди Бекбалаев.
Мындай дооматты төгүнгө чыгарган Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов ректорду шайлоо учурунда эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди. Анын айтымында, ректорлукка талапкерлердин бири да эч кандай нааразылыктарын уюштуруу тобуна билдирген жок. Шайлоо ачык, демократиялык кырдаалда өттү.
Кыргыз Улуттук Университетинин доценти Болот Токтобаедин билдиргенине караганда ректорлук үчүн шайлоо калыс өткөн эмес. Бул шайлоонун жыйынтыгына нааразы тарап өлкө президентине, билим берүү министрине кайрылуу кат жолдоорун айтышып, алардан акыйкат чечим болбосо Ырысбек Өмүркановдун мурдакы коррупциялык иш-аракеттери боюнча сотко кайрылышаарын билдиришти.
Шайлоонун экинчи айлампасында аталган жогорку окуу жайдын ректору милдетин аткарып жаткан Ырысбек Өмүрканов дээрлик куйрук улаш келген атаандашы академик, мурдагы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, учурда Улуттук аттестациялоо комиссиясын жетектеген Алтай Бөрүбаевден 9 добуш менен озуп чыккан.
Кабыл Макеш, Бишкек