ИРАНДА ЖУМУШЧУЛАР ЛИДЕРИ КАМАККА АЛЫНДЫ

Ирандан келип жаткан маалыматтарга караганда, бул өлкөдө кесиптик кошуундун жетекчиси Мансур Осанлу ушул жекшембиде коопсуздук кызматтары тарабынан камакка алынды. Тегерандын Автобус компаниясында Жумушчулардын синдикатынын президенти болгон Осанлу жакында эле түрмөдөн убактылуу бошотулган эле.
Осанлу Тегерандын Эвин түрмөсүнөн мындан болгону 3 ай мурда, 165 миң доллардык күрөө менен бошотулган эле. 19-ноябрь күнү аны коопсуздук кызматкерлери камакка алып, кайра Эвин түрмөсүнө салышты.

Жумушчулар синдикасынын директорунун орун басары Эбрахим Мададинин айтымында, Осанлу камакка алынганда, ал жанында болчу:

Жекшемби күнү саат эртең менен тогузда Осанлу мырза, синдикаттын улук мүчөсү Мансур Хаят Гейби жана мен ишсиз калган жумушчулардын маселеси боюнча жумуш кеңсесине баратканбыз. Жолдо Осанлу мырза гезит сатып алганы машинадан түшкөн, ал жолдон өтүп жатканда Чалгын министрлигинин агенттери аны кармап кетишти.

Мадади Фарда радиосуна жети чакты коопсуздук кызматкери Осанлуну сүйрөп, машинасына салып кетишти. Алар документтерин же камакка алуу ордерин көрсөтүүдөн баш тартышты:

Аны кармай турган болгондо Осанлу мырза жардам сурап кыйкырды. Мен чуркап барсам, тыңчылар мени да уруп-согушту. Мага кол көтөргөндөрдүн бири тапанчасын алып чыгып, асманга атты. Азыр бизде Осанлу тууралуу кабар жок.

Мадади Осанлунун мындан бир нече күн мурда көзүнө операция жасатканын, камакка алынганда, көзү таңылуу болгонун билдирди. Анын кесиптештери бул окуяны айыптап, Осанлуну дароо бошотууну талап кылышты.

Осанлу (кечээ (дүйшөмбүдө) сотто болуп, декабрда автобус айдоочулардын иш абалына каршы нааразылык акциясын уюштурганы боюнча сурак бериши керек болчу. Бул иш боюнча ал жети ай абакта жаткан. Азыр ага кандай кине коюлуп жатканы белгилүү эмес.

Анын камалышын жергиликтүү укук коргоочулар менен катар Эркин Кесиптик кошуундардын эл аралык конфедерациясы жана Эл аралык унаа жумушчуларынын федерациясы да айыптады.

Айрым байкоочулар бийликтердин жумушчуларды жана кесиптик кошуун мүчөлөрүн кысымга алышы жумушчуларга өз укуктары үчүн күрөшүн улантууга дем берет деп айтышууда.

Мындан эки апта мурда Ирандын түндүгүндөгү Рашт шаарындагы ишкананын жумушчулары ишкананын жабылышына нааразы болуп, президенттик ак сарайдын алдына келишкен. Алар өлүк орогон ак кепинди оронуп алып, Рашттан Тегеранга жөө барабыз деп эскертишкен.

Жаңыл Жусубжан, Прага