Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсүнө жол ачылды

Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсүнө жол ача турган эки тараптуу келишимге кол коюлганына байланыштуу президент Путин АКШ президенти Бушка ыраазычылыгын билдирди. Эки өлкө лидерлери Ханой шаарында өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинен кийин жолугушту. Путиндин айтымында, бул документтин кабыл алынышы Буштун саясий эркинин жардамы менен гана мүмкүн болду.