БУШ МЕНЕН ПУТИН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУ БОЮНЧА БИР БҮТҮМГӨ КЕЛИШТИ

Орусия менен АКШ жекшембиде кыйладан бери макулдашууга жетише албай келе жаткан эки тараптуу келишимди түзүштү. Анын негизинде эми Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын мүчө болуп өтүүсү мүмкүн дешет серепчилер. Келишимге кол коюшуу Вьетнамда өткөн АТЭКтин саммити учурунда Владимир Путин менен Жорж Буштун жолугушуусунан кийин болгон. АКШ менен келишимдин өксү болушу Москванын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсүнө эң башкы тоскоол эле дешет байкоочулар. Андай келишимге жетишүү үчүн тараптар 1994-жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.
Ханой калаадан келген маалыматка караганда Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүүсү чукул калган. Он жылдан ашуун Маскөө тил табыша албай келе жаткан Вашингтон менен бул маселеде келишим түзүшкөнгө жетишкен. Бул келишимге жетишүү канчалык кыйын болгонун эки мамлекет лидерлери кийинки жылдары жолуккан сайын аны кепке алышы эле айтып тургандай. Анын ошончолугу да болгондугун Ханойдо ал кагаздын көлөмүн көргөн Аркадай Дубнов «Азаттыка» мындайча түшүндүрдү:

-Тогуз жүз баракка жазылган ариптер бир нече кадак салмакта жана калыңдыгы он төрт сантиметр келер келишим экен, - дейт Дубнов мырза.

Жекшембиде (19-ноябрде) Ханой калаада журналисттер алдында айткан пикиринде Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Герман Греф бул окуяны өлкөнүн бир тарыхый учуру деп баалаган:

-Бул тарыхый кадам болду. Ал дүйнөлүк экономикага аралашууда базардык жол менен иштегенге Орусиянын кайтып келишин билдирет. Башкалар менен теңтайлаш атаандаштык кылууга мүмкүндүк алып берет, - деген Греф мырза.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өткөндө Орусияда өндүрүлгөн бардык товарларды эч тоскоолу жок чет мамлекеттерге чыгарып сатууга болот дешет. Ошондой эле дүйнөлүк базарлардагы товарлардын бул өлкөгө алынып кирилиши да оңой болот. Аны да чеги жок көп алып кирүүгө мүмкүн болот дешет анализчилер.

Бирок бул жолку кол коюшу менен эле Орусия дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп калбайт. Алдыда дагы Коста-Рика, Шри-Ланка, Грузия менен Молдова мамлекеттери турушат. Алар менен келишимдерди түзүп же мурдагы келишимдерин оңдоп чыгышы зарыл, дешет саясат таануучлар.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы