ОРУСИЯ КИЙИНКИ ЖЫЛДАН ТАРТЫП ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ЧЕК КОЙМОКЧУ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков бейшембиде жаңы токтомго кол койду. Ал токтомго ылайык 1-январдан тартып Орусияда чет элдик атуулдарга ичимдик сатуучу жана дары-дармек сатуучу жерлерде иштөөгө уруксат берилбейт. Ошондой эле кийинки жылдын акырына дейре чет элдик атуулдардын орусиялык соода түйүндөрүндө жана базарларда иштөөсүнө, көк дүкөн кармоосуна дээрлик тыюу салынат. Ар кайсы булактардын маалымдоосунда азыркы тушта Орусияда 7ден 12 миллионго чейин мыйзамсыз эмгек кылып жүргөн чет элдиктер бар. Орусияда эмгек мигранттарына карата көрүлүп аткан жаңы чаралар кыйла чет элдиктерди тынчсыздандырууда.
2007-жылдын биринчи айынан тартып Орусияда эмгек мигранттарынын кесиптик ишкердигине чек коюу киргизилген жатат. Андай токтомго кол коюп атып өкмөт башчы Михаил Фрадков бул - «президенттин тапшырмасын турмушка ашыруунун алгачкы кадамы» экенин айткан. Кондопога калаасында улуттар кагылышы чыкканда президент Владимир Путин тез аранын тичинде мигранттык саясатты тартипке салуу жана «жергиликтүү элди коргоого алуу» керектигин сунуштаган.

15-январдан тартып орусиялык бийлик тарабынан тыюу салынган кесиптерде буга дейре иштеп жүргөн эмгек мигранттардын ордун толтуруу кыйын болоорун анализчилер каңкуулашат. Алардай бир эле дүкөндөр менен базарларда сатуучу болуп иштеш үчүн эки миллиондон ашуун орусиялыктар керек болот дешет. Бул туурасында«Российская газета» мамлекеттик басылмасы (17-ноябрь) жазат.

Бирок КМШ өлкөлөрүнүн ичинен атуулдары виза албай Орусияга карым-катнаш жасай алган мамлекеттерден келгендерге жеңилдик бар экени айтылат. Баса, Кыргызстан да ушул катарга кирет. Жаңы жылдан тартып миындай өлкөлөрдөн Орусияга келип иштөө үчүн көбүрөөк мүмкүндүк болоорун орусиялык басылмалар белгилөөдө.

Адам укугун коргоочулардын баамында орусиялык расмий бийликтин эң соңку демилгесинде кишини түсүнө карап бөлүү жана чоочун кишилерди өгөйлөө жолуна түшкөндөрдүн тегирменинин парасына суу буруу далаалаты бар сыяктанат.

Ашынган улутчулдардын тилине кирген азыркы бийликтин жасап аткан аракети эл үчүн зыян. Эмне дегенде мамлекетте эмдигиче ээн турган иш орундар толуп атат.

Мындай ойду орусиялык көчүрүп келүү уюмунун төрайымы Лидия Графова айтат:

- Кайдагы чек коюуну айтасыңар! Азыркы тушта жумуш кылар киши жок болгондуктан, Орусия куурап атпайбы!

Орусия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, чет элдик мигранттардын ишине чек коюунун өлчөмү 2007-жылдын ирегесинен тартып төмөнкүдөй болот экен:

«Чет элдик атуулдарга ичимдик же дары-дармек сатып чекене соода жасоого такыр тыюу салынат.

2007-жылдын акырына дейре чет элдик атуулдарга базарда же көк дүкөндөрдө соода жасоого тыюу салуу толук киргизилет.

Кийинки жылы ишке орношуу максатта Орусияга виза алып келген чет элдик эмгек мигранттарынын эсеби 308 миңден ашпоого тийиш.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эли Орусия менен буга дейре виза албай катташып келаткан мамлекеттерден кийинки жылы 6 миллиондой кишилер келе алат», - деп айтылган ал токтомдо.