Вьетнамдын борбору - Ханойдо АТЭКтин саммити ачылды

Форумда Азия-Тынч океан кызматташтык уюмуна (АТЭК) кирген 21 өлкөнүн лидерлери, алардын ичинде АКШнын,Россиянын жана Кытайдын президенттери эл аралык соода-сатыкты либералдаштыруу проблемаларын талкуулашат. Форумда мындан тышкары Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу кризис жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу да сөз болот.