18:14 Жаңы үлгүдөгү паспорттор 22-ноябрдан баштап бериле баштайт

Бул паспортту Тышкы иштер министрлиги учурда эл аралык жана дипломатиялык мекемелерге жөнөтүп тааныштырууда. Чет мамлекетке чыга турган паспорттун баасы 8 еврого жакын, ал эми өлкө ичине жарамдуу паспорт 2 евро турат. Бул тууралуу бүгүн Маалымат технологиялар жана ресурстар агенттигинин жетекчиси Амангелди Кенжетаев билдирди.