9:00 Кыргызстандын ХИПК программасына кирүү маселеси боюнча бүгүн өкмөттүн корутунду жыйыны болот

Бул тууралуу Жогорку экономикалык кеңештин кечээки жыйынында биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов билдирди. Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, өлкөнүн тышкы карызды жойууга багытталган бул программага кирээр-кирбеси бүгүн белгилүү болот жана жыйындын чечими президент менен парламентке сунушталат. (SM)