АКШнын Вашинтон шаарындагы Жорж Мейсон университетинин профессору Эрик Макглинчи Борбор Азия мамлекеттеринин саясий системасын, саясий исламды изилдеген окумуштуу. Ал академиялык ишмердүүлүктөн сырткары АКШнын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун мүчөсү, Азиялык изилдөөлөр Улуттук Бюросунун Евразия Программасынын кенешчиси. Саясат таануучу менен кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева Кыргызстандагы саясий өнүгүүлөр, андагы өзгөчөлүктөр, оппозициянын орду жана анын келечеги тууралуу маектешти.
- Эрик мырза, менин алгачкы суроом жакында кабыл алынган Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясы тууралуу болмокчу. Сиздин оюңуз боюнча, өлкөнүн саясий жашоосунда бул кадам кандай өзгөрүү жана бурулуштарды алып келет?
- Менин оюмча, бул жаңы Конституциянын абдан маанилүү жана потенциалдуу артыкчылыгы болуп Президенттин бийлигинин азайышы эсептелинет. Кыргызстандагы демократиялык чакырыктардын бири Президенттин күчтүү бийлигин чектөө эле. Эгер бир адамга чексиз бийлик берилсе, анын канчалык демократиялуу экендигине карабастан, бийликке болгон кызыгуу артып, авторитаризм орнотулат. Демек, менин оюм боюнча, бул жаңы Конституциянын жетишкендиктеринин бири - Парламент менен Президенттин ортосундагы бийликтин теңештирилиши авторитардык башкарууга ык коюу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.
- Кыргызстан башкаруунун парламенттик-президенттик ыкмасын тандап алды. Ушул өңүттөн саясий партиялардын мааниси жогорулады. Сиздин оюңузча, мындай шартта саясий партиялардын өнүгүүсү кандай болот?
- Менин жеке пикиримде, келээрки шайлоодо бир нече күчтүү партиялардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Алар премьер-министрди дайындайт, өкмөттүн курамын түзөт жана башка ушул өңдүү маселелерди чечүүдө саясий партиялардын биригүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бирок, Кыргызстандын шартында Батыш Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, партиялардын бири-бири менен кызматташуу тажрыйбасынын, эрежелеринин жоктугу бул жараянда бир топ маселелерди пайда кылат. Саясий партиялардын лидерлери кызматташуунун зарылдыгын түшүнүп, программалары окшош болгон партиялар өз ара биригүүсү зарыл.
- Жаңы баш мыйзамдагы саясий партияларга берилген мүмкүнчүлуктөр ар кыл багыттагы (анын ичинде диний экстремисттик багыттагы дагы) партиялардын бийликке келүүсүнө шарт түзөт. Кыргызстанда мындай коркунуч күтүлөбү?
- Бул берилген суроо кызыктуу ой-жорууну пайда кылат. Бул эң алгач кыргыз өкмөтүн, президентти ойлондура турган суроо. Менин оюмча, президент Бакиев тарабынан бул маселенин тегерегинде мурдагы президент Акаевге караганда көп көңүл бурулууда. Cиз чек араларды кесип өткөндө, Кыргызстанда диний радикализмге оогон тенденциянын жоктугун байкай аласыз. Дагы бир далил, чет элдик жана жергиликтүү адистер тарабынын жүргүзүлгөн коомдук пикирди сурамжылоо көргөзгөндөй, кыргыз жарандары Хизб-ут-Тахрир же Өзбекстан/Туркестан Ислам Кыймылы өңдүү диний радикалдык күчтөргө кошулууга, алардын көз караштарын бөлүшүүгө ынтызар эмес. Алар Исламга ишенген мусулмандар, саясий исламды жүргүзүүнү максат кылышпайт. Ислам - алар үчүн жеке бир адамдын динге болгон ишеними. Дин бул саясат эмес, бирок, коомдук сурамжылоо көргөзгөндөй, өкмөт экстремизмге жол бербөө үчүн көп иштерди аткаруусу керек. Ошол эле учурда бул сыяктуу кооптонууларга көңүл бурбай кыргыз коомчулугу Парламенттик системаны өнүктүрүүнү максат кылуусу өтө зарыл.
- Кыргызстандагы саясий оппозиция учурдагы саясий жараяндардын күжүрмөн жандандыруучусу болуп жатат. Бул тууралуу Сиздин пикириңиз кандай?
- Албетте, саясий оппозиция Кыргызстанды конститутициялык реформага алып келүүдө абдан маанилүү кыймылдаткыч болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Борбор Азиядагы саясий оппозициялык күчтөр тарабынан күчтүү президенттик бийликти жоготуу үчүн аракеттенген жалгыз мамлекет. Эгер кыргыз оппозиционерлери болбосо мындай маанилүү саясий кадам ишке ашмак эмес. Дагы бир жолу саясий оппозициянын ролун баса белгилөө менен бул саясий күчтөр Кыргызстанды президенттик авторитаризмге айлантуудан, же болбосо кошуна Казакстанда айтылгандай "Демократиялык авторитаризмден" же "авторитардык демократиядан" сактап калды десек болот.
Айрым адамдардын ою боюнча кыргыз оппозиционерлери конструктивдүү иш-аракет жасабастан, Кыргызстанда саясий чыр-чатактарды пайда кылуу менен өлкөнү кризиске дуушар кылды. Бирок менин оюмча кээде кандайдыр бир маанилүү кадам жасоо үчүн ушундай аракеттерди жасоо зарылчылыгы келип чыгат.Өткөн күндөрдөгү оппозициянын иш-аракетисиз президенттик бийликтин абдан күчтүү каршылыгынын алдында Кыргызстан конституциялык реформага бара алмак эмес.
- Эрик мырза, менин акыркы суроом Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдүн келечеги менен байланышкан. Бул чөлкөмдү изилдеген саясат таануучу катары сиздин оюңузду билүү биздин угармандар үчүн кызыктуу болот деген ойдомун.
- Менин көз карашым боюнча келе жаткан төрт жылда-келерки шайлоолорго чейин Кыргызстанда саясий туруктуулукту, тынчтыкты сактоого мүмкүнчүлүк бар. Бул төрт жыл аралыгында саясий партиялар өздөрүнүн максат-багыттарын аныктоого, программа-платформаларын өнүктүрүүгө, шайлоочулардын калың катмарына жетүүгө аракеттенет деген ишеним бар. Албетте, саясий партиялар үчүн жетишерлик убакыт, мүмкүнчүлүк бар, алар Кыргызстандын саясий системасынын маанилүү кыймылдаткычы боло алат. Демек, Кыргызстандын эли кийинки шайлоолорго чейинки төрт жыл ичинде учурдагы парламенттин ишине саресеп салуу менен анын чыныгы легитимдүү эмес экендигин көрө алышат. Кыргыз жарандары саясий партиялардын ишмердүүлүгүн тариздеп, өз чечимдерин туура кабыл алышат деген ойдомун. Ал эми саясий партиялар болсо парламентке атайын даярдык менен келип, бийлик институттарынын ортосунда тең салмактуулукту кармоочу күч болууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул ишенимдер аткарылса Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр чоң жетишкендиктер менен жүргүзүлмөкчү.
Гүлайым Ашакеева, Бишкек