АКШда кылкалем Гойянын сүрөтүн уурдап кетишти

АКШда белгилүү испаниялык кылкалем Франсиско Гойянын “Арабада ойноп жаткан балдар” аттуу сүрөтүн уурдап кетишти. 1778-жылы тартылган бул сүрөт Нью-Йоркто Гуггенхейм музейинде өтө турган көргөзмөгө жеткирилип бараткан. Эксперттердин айтымында, Гойянын сүрөтүн мыйзам чегинде сатуу мүмкүн эмес, анткени искусство рыногунда бул сүрөткө баа жок.


Мээрим Султангазы, Прага