13:15 Президент мамлекеттик телерадиокомпанияда байкоочу кеңеш түзөт

Президент кол койгон Жарлыкка ылайык Байкоочу кеңештин курамы 15 кишиден туруп, анын катарына парламенттин, өкмөттүн жана КТРдин өкүлдөрү теңме-тең кирет. КТРдин жетекчисин байкоочу кеңештин сунушуна ылайык президент дайындайт. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди.